Орусиялык “Иванушки International” тобунун ырчысы Кирилл Андреев Москвада туулган. Москва шаарындагы №468-мектепте окуп, кийин Радиомеханикалык техникумду бүтүргөн. Армиядан келгенден кийин Слава Зайцевдин моделдер мектебинде окуп, модель болуп иштеген. Андан сырткары кикбоксинг менен да машыккан. АКШда фотомоделдердин мектебин бүтүрүп келген соң профессионалдык деңгээлге жетип, көптөгөн клип, жарнамалык роликтерге тартылган.