23- Ноябрь 1923 -жылы алгачкы электр устарасы патенттелген
Америкалык аскер адамы Якоб Шик алгачкы ойлоп тапкан электр сакал алгычына патент алган. Бул сакал алгычка чейин эркектер сакалын оттук таш же бычак менен алышкан. Бул көп убакытты талап кылып, кооптуу да болгон. 
Якоб Шик сакал алуу үчүн суу менен бет май керек экени кээде ыңгайсыз болорун эске алып, буларсыз сакал алуунун жолун издейт. 1927-жылы Шик электр устарасын ойлоп тапкан. Конструкциясына эки бычак салынып, бирөөсү бекитилген, экинчиси электр кыймылдаткычтын жардамы менен иштеген. Башында сатуу көп болгон эмес, бирок устаранын өзгөрүлүшү менен сатып алуучулар көбөйгөн. 1930-жылдын ортосунда Шик 1,5 миллион электр устарасын саткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан