24- Декабрь 1889 -жылы
Орус медицинасынын классиги Сергей Боткин каза болгон
Орус медицинасынын классиги Сергей Боткин 57 жашында каза болгон.
Орус врач-терапевти, коомдук ишмер Сергей Боткин 1832-жылы 17-сентябрда Москвада туулган. Ал Москва университетинин медициналык факультетин 1855-жылы бүтүргөн. Ал 1861-жылы Петербургдагы Медико-хирургия академиясынын терапия клиникасынын профессору болгон.
Сергей Боткин Орусияда биринчилерден болуп дары заттардын фармакологиялык жана физиологиялык таасирин изилдөөчү эксперименттик лабораторияны түзгөн. Организмдеги патологиялык процесстердин (толтонун аневризми, бөйрөктүн оорусу, теринин трофикалык өзгөрүүлөрүн ж.б.) пайда болушун изилдеген. Тарыхта биринчи болуп 1861-жылы ооруларды акысыз дарылоо үчүн өз клиникасынын алдында амбулатория ачкан.