15- Декабрь 2012 -жылы Чайдын эл аралык күнү
Бул күн Билим берүү жана Пикир алмашуу борборлорунун демилгелери менен белгилене баштаган. Көп жылдардан бери чай күнүн белгилөө айтылып келгени менен, 2004-2005-жылдардагы Индиядагы Мумбай жана Бразилиядагы Порту-Алегри шаарларында Билим берүү жана Пикир алмашуу борборлорунун жолугушуусунда 15-декабрда Чай күнүн белгилөө чечими кабыл алынган. Расмий эмес майрам болгондуктан, эс алуу күнү деп жарыяланбайт. 

Майрамды белгилөөнүн максаты - өкмөттүн жана жарандардын көңүлүн чай сатуудагы көйгөйлөргө, чай өндүрүшүндө иштеген жумушчулардын абалына, өндүрүшчүлөр кабылган кыйынчылыктарга буруу.

Бул күнү өзгөчө Кытай, Шри-Ланка, Индия, Бангладеш, Непал, Вьетнам, Индонезия, Кения, Малайзия, Уганда жана Танзания сыяктуу чай өндүрүшү менен белгилүү өлкөлөрдө масштабдуу түрдө майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп турат.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан