26- Ноябрь 1607 -жылы англиялык миссионер Жон Гарвард төрөлгөн
АКШдагы Гарвард университети ысымын алып жүргөн англиялык миссионер Жон Гарвард Лондондо төрөлүп-өскөн. Төрт бир туугандын төртүнчүсү болгон. Өзүнүн атасы директор болуп эмгектенген мектепти аяктап, колледжге тапшырып, бакалавр даражасын алган. 
1637-жылы Жон Жаңы Англияга (АКШнын түндүк чыгышы) көчүп кетип, Бостондо отурукташып, чиркөө кызматкерине айланат. Көп өтпөй кургак учук оорусуна чалдыгып, 1638-жылы катуу оорудан каза болгон. 
Жон Гарвард балалуу болбогондуктан, каза болордун алдында 779 фунтту (мурасынын жарымы) жана 400 даана китепти 1636-жылы негизделген колледжге таштаган. Бул жардамы үчүн ыраазы болгон ал окуу жайдын башкармалыгы колледжге Жон Гарварддын ысымын ыйгарган.
Учурда Гарвард университети дүйнө боюнча эң күчтүү жана абройлуу окуу жайлардын сап башында. Гарварддын азыркы 28-президенти болуп Дрю Жилпин Фауст айым дайындалган. Университеттин жалпы капиталы 2010-жылы 27,4 миллиард долларды түзгөн, ал эми орто эсеп менен окуу акысы жылына бир студентке 38-40 миң "жашыл" акчаны түзөт. Учурда Гарвардда 6700 студент жана 14500 аспирант билим алат. Баарынан кызыгы, АКШнын 8 президенти жана 75 "Нобель" сыйлыгынын ээлери Гарварддын бүтүрүүчүлөрү. Алар:
1. АКШнын 2-президенти Жон Адамс
2. АКШнын 6-президенти Жон Куинси Адамс
3. АКШнын 19-президенти Резерфорд Хейз 
4. АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельт
5. АКШнын 32-президенти Франклин Рузвельт
6. АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди 
7. АКШнын 43-президенти Жордж Буш 
8. АКШнын 44-президенти Барак Обама
Гарвард университетинин "Гарвард ярд" сейил багында скульптор Даниэл Френч жараткан "Жон Гарвард негиздөөчү, 1638" деген жазуусу бар, отурган адамдын эстелиги учурайт. Студенттер бул эстеликти "үч калптын эстелиги" деп коюшат жана бул жөн гана скульптор жактан кокустуктан жасалган студенттин эстелиги, Жон Гарвард негиздөөчү болгон эмес деп эсептешет. Ошентсе да студенттердин арасында "эгер экзамен алдында Жон Гарварддын бут кийимин бет аарчы менен таза сүртсөң, ийгиликке жетишесиң" деген ишеним бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан