29- Ноябрь 1870 -жылы орус географы Николай Пржевальский Борбордук Азияга саякатын баштаган
Орус элинин улуу географы, генерал-майор, Петербург Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү Николай Пржевальский Борбордук Азияга саякатын баштаган.
Пржевальский Николай Михайлович 1839-жылы Смоленск губерниясындагы Кимборов кыштагында туулган.
1867-1869-жылдары Уссури аймагына, 1870-1885-жылдары Борбордук Азияга 4 жолу саякат жасаган. Кытайдын батышындагы Лобнор көлүн изилдеген жана этнографиялык маалыматтарды чогулткан. Ал эми 1885-жылы Тибетке жасаган экинчи саякатынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу кайткан. 1888-жылы күзүндө Борбордук Азияга 5-жолу саякатка бара жатып, жолдо келте оорусунун айынан каза болгон. Сөөгү Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын жанына, көлдүн боюна коюлган. 1889-жылы анын ысымы Каракол шаарына берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан