
XX кылымдын атактуу музыканттарынын бири, “The Beatles” тобунун солисти Жон Леннон акыркы жолу Элтон Жондун концертинде ырдаган.
Жон Леннонду Rolling Stone музыкалык журналы дүйнөдөгү бардык замандын эң атактуу 50 музыкантынын катарына кошкон.
1980-жылдын 8-декабрында АКШдагы ABC каналынын алып баруучусу Тед Коппел ошол учурда музыкалык дүйнөнү шок кылган кабарды окуган.
Анда ошол түнү дүйнөдөгү улуу музыканттардын бири, “The Beatles” тобунун ырчысы Жон Леннонду Нью-Йорктогу үйүнө кире бериште саат 23:00 тегерегинде атып кетишкендиги, аны ошол замат шаардагы Рузвельт ооруканасына жеткиришип, бирок көп өтпөй, ырчы көз жумгандыгы тууралуу айтылган.
Ошентип, тарыхта ырчы катары эле эмес, теңдик, элдер ортосундагы ынтымак, тынчтык идеяларын таркатууга аракет кылган коомдук-саясий активист Жон Леннон көз жумган. Анын саясий көз караштары, дүйнө кандай нукта жашаш керектиги туралуу ойлору бир топ ырларында, анын ичинде “Imagine” ырында, берилген эле.
Леннондун өмүр баяны, жетим өсүп, кийин кантип Ливерпулдагы жаш ырчы досторунун башын бириктирип, “The Quarrymen” деген музыкалык топ түзгөнү кийинчерээк кинодо жана адабиятта көптөгөн чыгармалардын сюжетине негиз болуп берген.
Музыканттын оор тагдыры, кичинекей кезинде атасынан тирүүлөй айрылганы, кийин апасынын жолдогу кырсыктагы өлүмү анын чыгармачылыгына да, өзүнүн жеке турмушуна да таасир бергени айтылып келет.
Кийинчерээк “The Beatles” тобун түзүп, рок дүйнөсүн дүңгүрөткөн чыгармаларды жарата алышкан.
Леннонго жеке турмушунда бир чети дем берип, экинчи жагынан, ансамблдин өзүндөгү чырдын чыгышына аялы Йоко Оно себепчи болгонун да айтып келишет. “Битлздагы” Пол Маккартни менен тил табыша албай, акырында 1969-жылдын этеги, 1970-жылдын башында ансамбль таркап кетет. Кийинчерээк Леннон жубайы менен биргелешип бир топ ырларды, альбомдорду чыгарганга аракет кылышкан.