27- Ноябрь 1801 -жылы
кылдат садист катары тарыхта калган орус помещиги Дарья Салтыкова каза болгон
Кылдат садист катары тарыхта калган орус помещиги Дарья Салтыкова Москвада көз жумган.
Дарья Салтыкова 1730-жылы 22-мартта төрөлгөн. Ал кол алдындагы 38ден 147ге чейинки жумушчуларын өлтүргөн. 26 жашында күйөөсү каза болот. Ошол күндөн бир жарым жыл өткөн соң кол алдындагыларды сабай баштаган. Кийинчерээк алардын башынан чачын жулуп, өрттөп, чачынан сүйрөп башы менен дубалды сүздүрүп өлтүргөн. Курман болгондордун көбү бойго жетилип, күйөөгө тийчү кыздар болгон.
Дарья Салтыковага көп арыздар түшкөн, бирок ал чиновниктерге акча жана белектерди берип, ачылган ишти жаптырып койчу.
Савелий Мартынов менен Ермолай Ильиндин аялдарын өлтүргөнүн бул дыйкандар Екатерина IIнин өзүнө жеткизе алышкан. Сенаттын жана Екатерина IIнин чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылып, камакта жатып каза тапкан.