29- Ноябрь 526 -жылы
Байыркы Сириянын Антиохия шаарында катуу зилзала болгон
Байыркы
Сириянын Антиохия шаарында (учурда Түркиянын Антакья шаары) зилзала болуп, шаар
толугу менен кыйрап, өрт чыгып, 250 миңдей киши каза болгон. Башка маалыматтарда "жерге комета түшүп, өрт чыгып, анын соккусунан улам жер титирөө башталган" деп айтылат. Түндүк Ирландиянын астрономдорунун изилдөөлөрү боюнча, Жерге 400-600-жылдары кометалар көп түшкөн. Ошондой эле бактардын шакекчелерин анализден өткөргөндө дал ушул маалда Жер бетинде климаттык өзгөрүүлөр болгону далилденген.