Кыргыз эстрада ырчысы, ОшМУнун окутуучусу Замир Мырза Ош шаарында төрөлгөн. ОшМУнун искусство факультетинин пианино бөлүмүн, кошумча кыргыз үйлөмө аспаптары (кыргыз улуттук аспаптары) боюнча
бөлүмүн 2004-жылы аяктаган.
Замир Мырза эң биринчи жолу 2001-жылы “Махабат” аттуу ыры менен
студенттик “Ала-Тоо жазы” фестивалында чыгып, баш байгени алган. Ошондой эле "Ош азем түндөрү” фестивалынын 2000-2001-жылдарынын лауреаты. Ал эми “Жалал-Абад, Шамшыкал азем түндөрү-2003” сынагында 1-орунга ээ болгон. “Айкөл-2006” фестивалынын лауреаты жана 2-орундун ээси, “Чолпон жылдыз” фестивалында лауреат.
Замир Мырзанын алгачкы альбому 2002-жылы чыккан. 2-альбому “Танец под дождём” деп аталса, 3-альбому “Армандуу сүйүү”, 4-альбому “Сүйүүгө таазим”, 5- альбому “Ашыгам” деген аталыштарда болгон.
2007-жылы кино жаатындагы биринчи дебюту “Кайып булак” көркөм тасмасында болгон. Бул киного жаздырылган “Биз бакытты издедик” саундтрегин Неля менен биргеликте аткарып, чыгармачылыгында эң ийгиликтүү ырларынын катарына кошулган.