1- Декабрь 1934 -жылы орус революционери, советтик көрүнүктүү саясий ишмер Сергей Киров каза болгон
Орус революционери, советтик көрүнүктүү саясий ишмер Сергей Киров каза болгон.
Большевиктердин партиясына 1919-жылы кошулган. "Ким иштебесе, ал жебейт" принцибин колдонуу талабын койгон. Жыйынтыгында Астраханда ачкачылык жана жумушчулардын "Комиссарлар жоголсун!" лозунгу менен иш таштоолор башталган. Бул козголоңду артиллерия жана пулемёттор баскан. 1919-жылдын апрелинен баштап Астраханда жумушчуларга азык-түлүк бөлүнбөй, комиссарлар бай жашап, элдин кыжырына тийишет. Ошол маалда Сергей өзүнүн Костриков фамилиясын Кировго алмаштырган.
Азербайжанда советтик бийликтин орношуна катышкан. Грузияда большевиктердин бийликке келишин даярдаган.
Кийин Сталиндин тарабына өтүп, жакшы кызматка орношот. Ленинградда көптөгөн адамдарды соттотуп, репрессиялаган.
1934-жылы 1-декабрда Кировду Леонид Николаев башка атып өлтүргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан