Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) (ВОЗ англ. World Health Organization, WHO) — эл аралык медициналык уюм. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун атайын мекемеси. 1945-жылы февралда БУУнун конференциясында бул уюмду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. 1946-жылы Нью-Йоркто 51 өлкөнүн жана эл аралык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан саламаттык сактоо боюнча эл аралык конференция ВОЗдун уставын иштеп чыккан жана кабыл алган. Ал эми 1948-жылы 7-апрелде Убактылуу комиссиясы ишин аяктап, 26 өлкө ВОЗдун уставын бекиткен. Бул күн жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү болуп белгиленет.
ВОЗдун түзүмү:
- Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы
- Убактылуу комиссиясы
- Катчылык (секретариат)
ВОЗдун жогорку органы — Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы. Анын сессиясы жыл сайын чакырылат. ВОЗго 166 өлкө мүчө (1985). ВОЗ жугуштуу жана жугушсуз оорулар (кургак учук, венера жана мите оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, зыяндуу шишиктер жана башка) менен күрөшөт, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө саламаттык сактоо кызматын түзүүдө жана кайра уюштурууда, медициналык кадрларды даярдоо жана билимин өркүндөтүүдө жардам берет.
ВОЗдун милдеттерине дары каражаттарынын эл аралык стандартын белгилөө, дары заттардын сапатын, кошумча таасирлерин контролдоо жана наркотиктерге эл аралык көзөмөлдүн медициналык аспектилери; оорулардын эл аралык классификациясын кайрадан карап чыгуу; медициналык илимдердин негизги проблемалары боюнча (токсикология, фармакология, айлана-чөйрө гигиенасы жана башка) изилдөөлөрдү жана саламаттык сактоонун маанилүү маселелерин координациялоо жана башка кирет. Андан тышкары эл аралык карантин иш чараларын жүргүзөт: чечек, кара тумоо, тырышма холера, сары лихорадка оорулары чыкканда токтоосуз эл аралык информация берет, эл аралык санитариялык эрежелерди иштеп чыгып, ал эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт. Журнал, бюллетень жана башка чыгарып турат.