Колумбиялык баңги барон, террорчу Пабло Эскобардын толук аты-жөнү - Пабло Эмилио Эскобар Гавирия. Ал байлыгын баңгизат бизнеси менен алектенип чогулткан. 1989-жылы "Forbes" журналынын изилдөөсү боюнча анын байлыгы 47 миллиард АКШ долларын түзгөн. Ал Колумбиядагы гана эмес, дүйнөдөгү XX кылымдын эң ырайымсыз кылмышкери катары тарыхта калган.