3- Декабрь 1984 -жылы
Индиянын Бхопал шаарындагы химиялык заводдо кырсык болгон
Индиянын Бхопал шаарындагы химиялык заводдо кырсык болгон. Метилизоцианат уу заты агып чыгып, 3800дөн ашуун киши каза болуп, жүз миңдеген киши жабыр тарткан.
Бул завод америкалык "Union Carbide" фирмасына таандык болгон. Кырсык заводдун жабдуулары эскиргендиктен келип чыккан. Резервуардагы метилизоцианат кайноо температурасына жетип, авариялык клапаны ачылып, атмосферага 42 тонна уулуу буу чыккан.