5- Декабрь 1952 -жылы
Лондон шаарын 4 күнгө созулган ис каптап, 12 миң адам көз жумган
Лондон шаарын 4 күнгө созулган ис каптап, 12 миң адам көз жумган. Улуу Британиянын Лондон шаарында антициклон болуп, ал суук бирок шамалы жок аба ырайына алып келген. Мындай аба ырайынан улам шаардын үстүн коюу туман каптап, көп өлчөмдө көмүр жагылган. Көмүрдүн сапаты начар болуп, абаны булгаган. Ис 12 миң кишинин өмүрүн алып, 100 миңден ашуун адам ооруп калган. Шаарды каптаган түтүн 9-декабрда күн жылыган соң тараган. Бул окуядан кийин 1956-жылы Англияда Таза аба жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган.