6- Декабрь 1917 -жылы
Канаданын Галифакс шаарынын портунда ок-дарылар жүктөлгөн кеме жарылган
Канаданын Галифакс шаарынын портунда ок-дарылар жүктөлгөн франциялык "Монблан" аскер кемеси норвегиялык "Имо" кемеси менен сүзүшкөн. Кемеде өрт чыгып, кеме жарылып, жыйынтыгында шаардын чоң бөлүгү бузулган. Болжол менен 2 миңдей адам жардыруудан болгон сыныктардын алдында калып каза болгон. 9 миңдей адам жарадар болгон, 400 адам көрбөй калган. Бул кырсык тууралуу 2003-жылы "Кыйраган шаар" аттуу тасма тартылган. Бул жарылуу өзөктүк доорго чейинки эң күчтүү жарылуу болгон.