4- Декабрь 1976 -жылы Элизабет Тейлор 7-жолу турмушка чыккан
Актриса Элизабет Тейлор жашоосунда 7-жолу турмушка чыккан. Анын бул жолку түгөйү саясатчы Жон Уорнер болчу. Жон Уорнерге Ричард Бартон менен ажырашып, төрт айдан кийин турмушка чыккан. Уорнер Элизабеттин чыгармачылыгына кызыкчу эмес, биринчи орунда ал үчүн саясий карьерасы болгон. Элизабет менен Уорнер алты жыл бирге жашап, 1982-жылы ажырашышкан. Элизабет Тейлор Жон Уорнер менен ажырашкан соң баңгизатка көз карандылыгынан арылуу үчүн клиникада дарыланган. Клиникада ал өзүнүн келечектеги 8-күйөөсү Ларри Фортенски менен таанышкан. Ларри Фортенски Элизабет Тейлордон 20 жашка кичүү болгон. Алар Тейлор 60 жашка чыкканда үйлөнүшкөн, бирок 5 жылдан кийин Ларри Фортенски Тейлордун буту сынып, баса албай калганда таштап кеткен. Ларри Фортенски Тейлордун акыркы күйөөсү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан