7- Апрель 1947 -жылы
Америкалык өндүрүүчү Генри Форд көз жумган
Америкалык өндүрүүчү Генри Форд 83 жашында көз жумган.
Генри Форд дүйнө боюнча унаа куруучу заводдордун ээси жана 161 патенттин автору болгон. Ал "автоунаа бардыгы үчүн" деген ураан менен иш алып барган. Себеби анын заводдору дүйнө боюнча эң арзан унааларды чыгарган. Генри Форд түзүп кеткен "Ford Motor Company" ишканасы азыркы күнгө чейин ишин улантып келет.