5- Декабрь 1560 -жылы
Франциянын падышасы Франциск II каза болгон
Франциянын 26-падышасы Франциск II 1558-жылы 14 жаш курагында Шотландиянын ханышасына үйлөнүп, ал эми 1559-жылы 15 жашында такка келген. 1560-жылы кулагынын ичинде кандайдыр бир шишик пайда болуп, ырбап кетип, 16 жаштагы Франциянын падышасы Франциск II кайтыш болгон. Анын ордуна иниси, 10 жаштагы Карл IX келген.