11- Декабрь 1941 -жылы
Германия менен Италия АКШга согуш жарыялаган
1941-жылы 7-декабрда Япония АКШнын Пёрл-Харбор портуна кол салып, АКШга көптөгөн чыгымдарды алып келген. АКШнын президенти Франклин Рузвельт Японияга согуш жарыялаган. Андан соң 11-декабрда Германия менен Италия, 13-декабрда Румыния, Венгрия жана Болгария АКШга согуш жарыялашкан.