
Көптөгөн адабий чыгармалар жана тасмалардын сценарийине айланган Япониянын
Эдо (азыркы Токио) шаарында легендарлуу 47 самурай кожоюнун өлтүрүп коюшкандыгы
үчүн бийликтүү аткаминерден өч алышкан.
47 самурай кожоюну Асанону Кира Ёсихиса аттуу аткаминер мазактайт. Анын мазактоосуна чыдабаган Асано Кира Ёсихисага кол салат. Ал үчүн Асано өзүн өзү бычак менен сайып өлтүрүшү керек болот.
Кожоюнун жоготкон 47 самурай, өлүм жазасына карабай, ал үчүн өч алууга ант беришет. Алар өз ара сүйлөшүп, бири соодагер, бири монах, бири аракеч болушат. Аны уккан Кира жан сакчыларын азайтат.
1702-жылы самурайлар план тузүп бүткөн соң Киранын үйүнө кол салышат. Киранын жан сакчыларын өлтүрүшүп, жашынган жеринен таап чыгып, өзүн өзү өлтүрүүнү сунушташкан. Кира макул болбогондуктан, анын башын алышкан.
46 самурай 1702-жылы 4-февралда өзүлөрүн өзү сайып өлүшкөн, 47-самурай сёгун тарабынан кечирилип,78 жашка чейин жашаган.