|
8-апрель, 1971-жылы Цыгандардын гимни менен туусу кабыл алынган![]()
Улуу Британияда цыгандардын Бүткүл дүйнөлүк конгресси болуп, анда цыгандардын гимни менен туусу кабыл алынган.
Цыгандардын желеги көк жана жашыл эки түстөн туруп, көк түс асмандын, жашыл түс чөптүн символу болуп саналган. Желектин ортосунда дөңгөлөктүн сүрөтү чагылдырылган. Ал эми цыгандардын гимни "Джелем, джелем" деген аталышта болгон. Ошондой эле бул күнү Цыгандардын Эл аралык күнүн майрамдоо боюнча чечим кабыл алынган.
(50 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|