Өкмөттүк комиссия Кыргызстандагы гидроэнергетика тармагынын карлыгачы Аламүдүн кичи ГЭСинин курулуш объектисин кабыл алган. Пишпек шаарынан 14 чакырым узактыкта орун алган, 410 киловаттык күчтөгү гидростанциянын курулушу, атактуу инженер-ирригатор Владимир Васильевдин долбооруна ылайык, 1916-жылы башталып, кийинки революциялык оош-кыйышка байланыштуу 23 жылдан кийин бүткөн.