13- Декабрь 1816 -жылы "Siemens" фирмасынын негиздөөчүсү Вернер фон Сименс төрөлгөн
"Siemens" фирмасынын негиздөөчүсү Вернер фон Сименс төрөлгөн. Гимназияны бүтүргөн соң Магдебург шаарындагы артиллериялык инженердик окуу жайга тапшырган.

Окумуштуу 1847-жылы Иоганн Гальске менен Telegraphenbauanstalt Siemens & Halske деген аталыштагы телеграфтык-курулуш фирмасын негиздеген. Аталган ишкана Германиядагы жана Орусиядагы биринчи телеграф линиясын кургандыгы менен белгилүү.

1860-жылы окумуштууга Философиянын ардактуу доктору наамы берилген. 8 жылдан соң Сименстин фирмасы Кавказ аркылуу өткөн индоевропалык телеграф линиясын кура баштайт.Мындан тышкары ойлоп табуучу электротехниканы иштеп чыгуу менен алектенип, 1867-жылы динамо-унааны ойлоп тапкан. 3 жылдан кийин анын фирмасы Атлантика океаны аркылуу өтүүчү, Ирландия менен АКШны байланыштырган телеграф линиясын ачкан.

Германияга телефон келгенде, Telegraphenbauanstalt Siemens & Halske фирмасы Берлиндеги алгачкы телефон станциясын куруп, трубкаларды чыгара баштаган. Андан тышкары аталган фирма дүйнөдөгү алгачкы электр темир жолун, электр лифтин жана Берлиндеги трамвай линиясын курган.

Вернер фон Сименс 1892-жылы 6-декабрда Германиянын Шарлоттенбург шаарында көз жумган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан