16- Декабрь 1946 -жылы Кристиан Диор өзүнүн алгачкы Мода үйүн Париж шаарында ачкан
“Текстиль падышасы” атыккан Марсель Буссактын колдоосу менен Кристиан Диор өзүнүн алгачкы Мода үйүн Париж шаарында ачкан.
Жашоого болгон оптимисттик көз карашы, моданы ийне-жибине чейин сезе билгендиги жана жакынкы 20 жылда модада эмне оорчулук кылаарын алдын ала айта алган көрөгөчтүгү менен “жогорку мода” өндүрүшүндө албан ийгиликтерге жетише алган Кристиан Диордун жардамы менен Париж согуш жылдарынан кийин кайрадан “мода борбору” деген атка конгон.“Моданын атасы” деп сыймыктуу аталган сүрөтчү, дизайнер, модельер Кристиан Диор 1905-жылдын 21-январында Франциянын түндүк-батышында жайгашкан чакан Гранвиль шаарчасында туулган. Анын ата-энеси колунда бар адамдардан болгон. 5 баланын экинчиси Кристиан каалаганын ичип, каалаганын кийип, бактылуу балалыкта чоңойгон. 6 жашка чыкканда үйбүлөсү менен Парижге көчүп келген соң үйдөгүлөрүнүн кеңеши боюнча дипломатикалык карьераны көздөп жүргөн. Бирок эркин саясат мектебине тапшыргандан кийин эл аралык мамилелер жана саясат ал үчүн жаралган эмес экенин түшүнөт да, музыка, сүрөт дүйнөсүнө тартылып, дээрлик бардык убактысын музейлерде жана галереяларда өткөрүүнү адат кылып алат. Анын сүрөткө, айрыкча баш кийимдердин, көйнөктөрдүн сүрөтүн мыкты тартууга шыктуу экени билинет. Кристиан 1928-жылы жакын досу Жан Бонжак менен чогуу сүрөт галереясын ачкан. Бирок 1931-жыл Диорлордун үйбүлө­сүнө жагымсыз окуяларды камдап койгон экен – апасы рак оорусуна чалдыгып, каза тапкан. Атасы болсо жок жерден уурулардын талап-тоноосуна кабылып, болгон байлыгынан ажырайт. Эптеп жан багуунун амалын издеп, Кристиан өз колу менен тартылган кийим эскиздерин белгилүү журналдарга сатууну чечкен. Бара-бара анын сүрөттөрүнө болгон суроо-талап өсүп, алгачкы киреше түшө баштаган. 1938-жылы башталган согуш Диордун жанданып келаткан карьерасына тоскоол болот: аны Франциянын түштүгүнө аскерге алып кетишкен. 1941-жылы согуштан кайткан Кристианды атактуу “Lucien Lelong” моделдик үйүндө жакшы кызмат күтүп турган эле. 1942-жылы Диор атыр чыгаруучу лаборатория ачып, аны “Christian Dior Perfume” деп атаган. Бул лабораториядан 10дон ашык түрдөгү экзотикалык атыр суулары жасалат. Арадан 4 жыл өткөндөн кийин эле Кристиан жеке мода үйүн иштетип баштаган да, 1947-жылы “Жаңы келбет” деген алгачкы коллекциясын тартуулаган. Согуш учурунда “оройлукка” учураган аял кийимдерин кайрадан назик, жеңил жана ачык түстүү кылып даярдаган. Биринчилерден болуп лицензиялык иш кагаздарды колдонуп, өзүнүн “Dior” белгисин бардык кийимдерине коюп чыккан. 1 эле жылдын ичинде анын коллекциясын бүткүл Европа менен Америка кийип жүргөн. 
Улуу дизайнер 1957-жылы октябрда 52 жаш курагында каза болгон. Диордун ишин улантуучу көптөгөн шакирттери болгон. Анын үйү бүгүнкү күндө эң чоң музейлердин бири. 1996-жылдан бери “Christian Dior” мода үйүнүн башкы модельери болуп Жон Галлиано дайындалат. Диорчулардын саны азыркы кезде 60 миң адамга жетет. Ал эми жылдык кирешеси 595 миллион еврону түзгөн мода үйүнүн өзүндө 3 жарым миң киши эмгектенет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан