12- Декабрь 1910 -жылы Америкалык парфюмердик компаниянын мураскору Дороти Арнольд дайынсыз жоголгон
Америкалык "F. R. Arnold & Co" парфюмердик компаниянын мураскору, "светская львица" атыккан Дороти Арнольд дайынсыз жоголгон. 
Дороти "Брин Маур" кыздар коллежин ийгиликтүү аяктап, жазуучу болгусу келген. Доротинин артынан журналисттер көп аңдышкан. 
Дороти 12-декабрда көйнөк сатып алуу үчүн кеткен бойдон үйүнө келген эмес. Атасы үй-бүлөсүнүн аты булганбашы үчүн алты жума өзү издеген. Жыйынтык бербеген соң полицияга кайрылган. Издөөгө 100 миң доллар сарпталган, бирок бул издөөлөр дагы эч кандай жыйынтык болгон эмес. 
Аны тирүү деп эсептебеген атасы Доротиге эч кандай мүлк калтырган эмес. Доротинин достору аны боюнда бар болуп, аборт кылдыруудан улам каза болгон деп айтышкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан