Д.И.Фонвизин адабий чыгармачылыгын немец жана француз чыгармаларын орус тилине которуу менен баштаган. Ал Вольтердин «Альзира» трагедиясын которуу менен адабий коомчулукка таланттуу
жаш жазуучу катары таанылат. Белгилүү котормочу Елагиндин тегерегине топтолгон жаш драматургдардын катарына кабыл алынат. Бул кружокто чет элдик чыгармаларды орустун жашоо образына, менталитетине ыңгайлаштырып которуу теориясы калыптанып жаткан. Себеби буга чейин которулган чыгармалар орус
адамы үчүн түшүнүксүз болуп келген.
Фонвизиндин оригинал чыгармаларынын ичинен эң көрүнүктүүлөрү «Недоросль» («Чалагайым») менен «Бригадир» болгон. «Бригадирде» орус дворянствосун наадан, патриоттук сезим дегенден такыр жок, нравалык жактан абдан бузулуп бүткөн катмар катары бетин ачат. Каармандардын бири-бирине карата өз пайдасын көздөгөн мамилесин автор чыныгы сүйүүгө карата пародия катары сүрөттөйт. Пьесанын башынан аягына чейин каармандардын биринин дагы кылык-жоругу акыл-эске сыя турган, нормалдуу этикага жатпай тургандыгы көрсөтүлөт. «Бригадир» жанрдык өзгөчөлүгү боюнча орус драматургиясындагы таптакыр жаңы көрүнүш. Фонвизин биринчи болуп «нравалардын комедиясын» жараткан.
Ошентип эл күткөн реформа болгон эмес. Екатерина II Фонвизин шылдың кылган советниктер, бригадирлер сыяктууларга таянып иш жүргүзөөрүнө түшүнгөн билимдүү дворяндар Екатеринадан прогрессивдүү падышаны көргөн иллюзиядан арылышып, ушундан баштап орус агартуучулары Екатерина II башында турган
чексиз бийлик менен күрөшө башташкан.
Фонвизиндин «Недоросль» («Чалагайым») (1782) - Фонвизиндин чыгармачылыгындагы бийик чоку, орус адабиятындагы биринчи реалисттик драма, бүгүнкү күнгө чейин театрлардын репертуарынан түшпөгөн комедия. Гогольдун аныктамасы боюнча: бул «чыныгы коомдук комедия». Мында Фонвизин «орус коомундагы бардык оорулардын» түпкү себептерин аёосуз ачкан. Пьесадагы негизги проблемалар: крепостнойлук укук, тарбия, мамлекеттик бийликтин формалары болгон.