13- Декабрь 1986 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев туулган

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Жанар Акаев туулган. Ал 1986-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында жарык дүйнөгө келген. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач журналист болуп 2-курс кезинде ОшМУнун гезитинде иштеген, көп өтпөй окуу жайдын телеберүү бөлүмүнө өткөн.

2008-жылдан тарта "Азаттык" радиосунда кабарчы болуп иштеген.

2010-жылы Япониянын Токио шаарында өткөн Азия мамлекеттеринин журналисттери үчүн уюштурулган сынакта 2-орунду багындырган.

2011-жылы "Евразиянын алтын калеми" сыйлыгына татыктуу болуп, ал эми 2014-жылы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун "Курч калем" сыйлыгын алган.

2015-жылы 2-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Ошол эле жылы 27-августта Жанар Акаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетүүгө арыз жазган. Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо КСДПдан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Белгилей кетсек, Жанар Акаев "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2010-2011-жылдардын супер телеалпаруучусу" наамын жеңип алган. Учурда депутат үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан