14- Декабрь 1893 -жылы
Акын Каролина Павлова каза болгон
Акын Каролина Павлова Ярославлда 1807-жылы 22-июлда туулган.
Жаш кезинде ал польшалык Адам Мицкевич менен таанышып, экөө үйлөнмөк болушкан. Бирок Каролинанын туугандары ага каршы чыгып коюшкан.
1820-жылдары Каролина Карловна москвалык адабий чөйрө менен жакындайт. Ошондой эле, ал өзү дагы адабиятка жакындайт. Алгач ал немис жана француз тилдерине Пушкиндин ырларын которот. Анын алгачкы ырлары дагы ушул тилдерде жарык көргөн. 1839-жылы Парижде француз тилине Каролина Карловна которгон Шиллердин "Жанна д’Арк" трагедиясы жарыяланган. Ал кезде Каролина орусча ырларды жазып, алар москвалык адабий чөйрөдө ийгиликтерге жетишкен.