10- Декабрь 1941 -жылы
Япондордун авиациясы тарабынан Британиянын "Принц Уэльский" линкору жана "Рипалс" крейсери чөктүрүлгөн
Япония Индокитайды басып алганда, Малайзияга кол салат деп кооптонуп, Британия Сингапурга эки кемесин жиберген. Япония бул кемелер тууралуу билип, даярдык көрүшкөн. Адмирал Ямамото Формозадан 27 бомба таштоочу учакты чакырткан. Япониянын алдында үч маселе турган: Малайзияны басуу, кемелер менен согушуу, Сингапурду бомбалоо.
Британдык кемелер Куантандын жанында япониялык суу асты менен жүрүүчү кеме менен байкалып, чабуул башталган. Түштүк-Кытай деңизинде япондордун авиациясы тарабынан Британиянын "Принц Уэльский" линкору жана "Рипалс" крейсери чөктүрүлгөн. 840 киши чөгүп каза болгон.
Бул согуштан улам деңизде линкорлор үчүн экинчи орун берилип, авиация үстөмдүк кылып калган.