12- Декабрь 1917 -жылы
Францияда ири темир жол кырсыгы болуп өткөн
Францияда ири темир жол кырсыгы болуп өткөн. Альпы тоосунда жайгашкан Сен-Мишель-де-Морьен шаарчасына жакын жерде аскердик эшелон кулап, өрттөнүп кеткен. Италиядагы согуштан кайтып келаткан 700дөй жоокер каза болгон.
Поезд нормадан ашык жүк салынгандыктан жогорку ылдамдык менен жүргөн. Темир жол Арк сайына жеткен жеринен бурулмак. Поезд жогорку ылдамдыкта келип, биринчи вагон рельстен чыгып кеткен . Артынан келген башка вагондор аны сүзүп, жарык берген шамдардан өрт чыккан. Поезд жыгачтан жана аскерлерде гранаталар бар болгондуктан өрт тез жайылып кеткен.