8- Апрель 1938 -жылы
БУУнун мурдагы генералдык катчысы Кофи Аннан туулган
Ганалык дипломат, БУУнун 7-генералдык катчысы (1997-2006) Кофи Аннан туулган. Кофи Аннан Швейцария, АКШнын колледждеринде билим алып, бакалавр даражасына ээ болгон. Кийин АКШдагы Массачусетс Технологиялык институтуна тапшырып, студент кезинен баштап БУУда иштей баштаган.
Кофи Аннан 1997-жылдын 1-январынан тартып БУУнун катчысы болсо, 2001-жылы 29-июнда экинчи ирет шайланган. Ал эми 2006-жылы 31-декабрда ишин жыйынтыктаган.