Никарагуа мамлекетинин борбору Манагуа шаарында саат 00:30 чамасында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 миңдей адам курман болуп, 20 миңден ашуун киши жаракат алган. 250 миңден көбүрөөк жашоочу турак жайынан ажыраган.
Жер титирөөнүн очогу Манагуа электр чордонунан 2 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан Хохотлан көлүндө болгон. Жердин катуу силкинүүсү борбор калаадагы имараттардын 80 пайызын жок кылган.