Орусиянын Свердлов облусунун Төмөнкү Тагил шаарындагы "Естюнинская" кенинде жарылуу болгон. Анын кесепетинен 9 адам курман болгон. Окуя учурунда шахтада 123 киши болгон, куткаруучулар 114 адамды сыртка чыгарууга жетишип калышкан.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жарылуунун келип чыгуу себеби аныкталган. Жумушчулар кен иштелип чыгуучу жерге ичинде жардыргыч заты бар эки кичинекей вагонду алып барышкан. Бирөөнүн ичинде 3 тонна аммонит, экинчисинде 1 тонна жардыргыч зат жана детонаторлор болгон. Анын үстүнө үзүлүп кеткен ток кабели түшүп, өрт чыгып, детонаторлор иштеп кеткен.