9- Апрель 1954 -жылы
Шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу иштери башталган
Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин чечимине ылайык, борбор шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу иши башталган. Көчөлөрдү жарыктандыруу иши 36 километр аралыкка белгиленип, Ленин - азыркы Чүй кең көчөсү, Пионер - азыркы Москва көчөлөрүнүн эки тарабына фонарь илинчи тарабы чоюндан жасалгаланган темир устундар орнотулган.