Инд океанындагы Суматра аралдарына жакын жерде суу астында күчү 9,1 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал цунамини пайда кылган. Бийиктиги 15 метрден ашкан цунами толкуну Индонезия, Шри-Ланка, Таиланд, Индиянын түштүгү жана башка өлкөлөрдүн жээктерине жетип, ири кыйроолорго алып келген. 300 миңге жакын киши цунаминин курмандыгы болгон.