24- Декабрь 1942 -жылы
СССРде өкмөттүн "Ё" тамгасын колдонуу боюнча буйругу чыккан
1795-жылдан тартып гана орусиялык жаш балдар "небо" (асман) жана "нёбо" (таңдай) деген сөздөрдү так айырмалай алышкан.
Иосиф Сталин бийликке келгенден кийин ал бейрасмий декрет чыгарып, анда "Ё" тамгасын шарттуу түрдө колдонуу зарылдыгын айткан. Себеби согуш учурунда баардык маалымат так көрсөтүлүшү керек болгон. Анткени, эгерде "Берёзово" деген айыл же кыштак жөнүндө сөз болсо, аны "Березово" менен алмаштырып албаш керек эле.
Бирок Иосиф Сталин дүйнөдөн кайткандан кийин "Ё" тамгасын колдонуу адаттан чыга баштаган.