25- Декабрь 1878 -жылы Швейцариялык автокуруучу жана автожарышчы Луи Шевроле төрөлгөн
Швейцария автокуруучусу жана автожарышчысы Луи Шевроле Батыш Швейцарияда төрөлгөн. Бала чагынан механикага кызыгып, велосипеддерди оңдоп-түзөп калат. 11 жашында мектепти таштап, велосипед оңдоп иштей баштайт. 22 жашында Парижге кетип, механик болуп жашоого каражат таба баштаган. Андан соң Канадага, кийин Нью-Йоркко көчүп барат. Ал жактан автожарыштарга кызыгып, ал менен алектенип, атактуулукка жете баштайт. Ал учурда Вильям Дюрант аттуу ишкер менен таанышып, ал менен биргеликте "Chevrolet Motor Company" компаниясын түзүшкөн. Кийин АКШдан кетип, автожарыштарга ылайыктуу "Корнелиан", "Фронтенак" маркадагы унааларды чыгарган. Ошентип гениалдуу автокуруучу жана автожарышчы Луи Шевроле 1941-жылы 6-июнда Детройтто каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан