27- Декабрь 2003 -жылы "Чупа Чупс" компаниясынын негиздөөчүсү Энрике Бернат дүйнөдөн кайткан
Испаниялык "Чупа Чупс" ("Chupa Chups") компаниясынын негиздөөчүсү Энрике Бернат 80 жашында Барселонадагы өз үйүндө каза болгон.
Дүйнөгө белгилүү, өзгөчө кичинекей балдар сүйүп жеген "Чупа Чупс" ("Chupa Chups") момпосуйун чыгарган компанияны ачкан Энрике Бернат 1923-жылы 20-октябрда Испаниянын Барселона шаарында туулган. Ал алгач өзүнүн ата-энесинин кондитердик дүкөнүндө иштей баштаган. 1950-жылы Испаниянын түндүгүнө көчүп барып, алмадан кыям даярдаган “Гранха Астуриас” ("Granja Asturias") компаниясында иштеп калат. "Чупа Чупс" ("Chupa Chups") момпосуюн 1958-жылы Энрике Бернат балдар колдорун, кийимдерин булгабасын деген ойдо жыгач таякчасы менен чыгара баштаган. Кийин жыгач таякчалар желим таякчаларга алмаштырылган. Ишкер башында бул таттуу момпосуйду "Гол" деп атаса, кийинчерээк аны "Чупа Чупс" ("Chupa Chups") деп өзгөрткөн. Ал гана эмес, буга чейин таттуулардын 200дөн ашык түрүн чыгарып келе жаткан “Гранха Астуриас” ("Granja Asturias") деген аталыштагы ишкананы сатып алып, аны "Чупа Чупс" ("Chupa Chups") деп өзгөртүп жиберген. “Чупар” сөзү испан тилинен которгондо “соруу” дегенди түшүндүрөт.
Энрике Бернат момпосуйдун сыртынын кооз болушун эске алып, белгилүү сүрөтчү Сальвадор Далиден логотип тартып берүүсүн суранат. Ошондо сүрөтчү ага ромашка гүлүн сунуштап, аны тартып берген. Ошол кезден ушул убакка чейин бул момпосуйдун логотиби өзгөрбөй келет.
Аталган ишканасы башында жети түрдүү даамдагы "Чупа-Чупс" чыгарса, кийин анын түрү 50дөн ашкан. Анан да бул момпосуй космосто желген эң биринчи таттуу болуп саналат. Энрике Бернат 1991-жылы өзүнүн айтылуу компаниясын уулу Хавьерге өткөзүп берген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан