Зурдинов Аширали Зурдинович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (2006), "Кыргыз Республикасынын Илимге эмгек сиңирген ишмери" (1996), Эл аралык маалыматташтыруу академиясынын академиги (1993), КРССМнин фармакологиялык комитетинин төрагасы (1997), СССРМИАнын Президиумунун алдындагы фармакология жана фармация боюнча илимий кеңештин проблемалык комиссиясынын мүчөсү (1988-1992), Фармакологдордун бүткүл союздук илимий коомунун башкармалыгынын мүчөсү (1998-1992), Орусиянын фармакологдорунун илимий коомунун ардактуу мүчөсү (2003-жылдан бери), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты боюнча ведомстволор аралык эксперттик кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин химия-биологиялык илимдер боюнча эксперттик кеңешинин төрагасы (2005-2007), Ислам өнүктүрүү банкынын илимий бөлүмүнүн эксперти (2001-жылдан бери), "Химия жан фармация" (Ташкент, 1998-жылдан бери), "Казакстандын фармациясы" (Алматы, 2001-жылдан бери), "Эксперименталдык жана клиникалык фармакология" (Москва, 2004-жылдан бери) илимий журналдарынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттигинин эксперти (2001-жылдан бери), Дарыларды коопсуз жана рационалдуу колдонуу боюнча илмий-усулдук борборунун жетекчиси (2003-жылдан бери), Кыргыз Республикасынын УИАнын медицина-биологиялык, химиялык, айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасынын орун басары (2008-жылдан бери).
Профессор А.З.Зурдинов ассистенттик (1968) иштен баштап базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчылыгы (1997) кызматына чейинки жолду басып өткөн. Бул мезгилде ал окуу-усулдук, тарбиялык жана илим-изилдөө иштерине олуттуу салым кошкон. А.З.Зурдинов 255тен ашуун илимий эмгектин, 30дан ашык окуу-усулдук колдонмолордун автору, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун дипломго чейинки жана кийинки этаптары боюнча окутуунун инновациялык ыкмаларын окуу процессинде колдонуунун демилгечиси.
А.З.Зурдиновдун түздөн-түз катышуусу менен антигипоксикалык, стресспротективдик, актопротектордук жана иммуномодулдоочу каражаттар иштелип чыккан, 10дон ашуун патент корголгон. Анын жетекчилиги менен "Иммуназ" деп аталган жаңы оригиналдуу фитопрепарат түзүлүп, клиникалык практикада колдонууга киргизилген (2003).
1988-1992-жылдары А.З.Зурдинов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун илим боюнча проректору болуп турганда малчылардын жана тамекичилердин ден соолугун чыңдоо боюнча илим-изилдөө секторун, илимий-клиникалык бөлүмдү түзүүнү демилге кылган. Бүгүнкү күндө А.З.Зурдиновдун жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эксперттик кеңеши тарабынан колдоого алынган бир катар илимий иштер аткарылып келет. А.З.Зурдиновдун жетекчилигинин астында 4 доктор, 25 илимдин кандидаты даярдалган, "фармакология, клиникалык фармакология" адистиги боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы.