28- Декабрь 1923 -жылы француз инженери Гюстав Эйфель каза тапкан
Француз инженери Гюстав Эйфель 91 жашында каза болгон. Гюстав Эйфель - Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфель мунарасынын конструктору.
XIX кылымдын 1980-жылдарынын аягында Франция өзүнүн борбор шаары Парижде Франциядагы революциянын 100 жылдык мааракесине карата Бүткүл дүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмөнү өткөрүүгө даярданат. Курулуш тармагы өнүгүп жаткан мамлекет экенинин далили катары эң көрүнүктүү курулушту көргөзмөгө келгендерге көрсөтүү зарыл болгон. Мунаранын курулушу 1887-жылы 28-январда башталып, 1889-жылы 31-мартта аяктаган. Ага керектелүүчү бардык элементтер жана темир-тезектер өтө так өлчөмдө өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн заводунда жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, 2 миллион кадоолор (заклёпки) менен кадалган жана жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Оор түйүндөр жогору жакка атайын буу крандарынын жардамы менен чыгарылып турган.
Курулушта бир убакта 250 жумушчу эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштешкен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан