Ишкананын жетекчиси, немис инженери Готлиб Даймлер менен таанышып, чогуу иштешкен. 1900-жылга жакын Майбах австриялык ишкер Эмиль Еллинектин буюртмасы менен "Мерседес" унаасын куруп чыккан. Ал эми унаага Э.Еллинек өзүнүн кызынын ысымын ыйгарган.
9 жылдан кийин автоконструктор уулу Карл менен биргеликте "Майбахтын мотор куруусу" фирмасын негиздеген. Компания "Цеппелин" моторлорун чыгарып, кийинчирээк "люкс" классындагы автоунааларды чыгара баштаган. Унаалардын "Майбах" маркасы учурда "Daimler AG" компаниясына тийиштүү.