28- Декабрь 1968 -жылы
Бейруттун эл аралык аэропортуна болгон рейд учурунда Израилдин атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери 14 учакты жардырып жиберишкен
Бейруттун эл аралык аэропортуна болгон рейд учурунда Израилдин атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери араб компанияларына тийиштүү жүргүнчү ташуучу 14 учакты жардырып жиберишкен. "Дар" операциясы деп аталган бул рейд палестиналыктардын израилдик укчактарга каршы жасаган террордук актыларына жооп катары жүргүзүлгөн. Учактардын жок кылынышы 42-44 миллион доллар зыян алып келген. Ошондой эле бул окуянын кесепетинен 1969-жылы январь айында Ливанда өкмөттүк кризис жүргөн. Ал эми Франция Израиль менен болгон аскердик-техникалык кызматташтыгынын аягына чыкканын билдирген.