29- Декабрь 1977 -жылы СССР ИИМинин "Витязь" атайын отряды түзүлгөн
СССР ИИМинин "Витязь" атайын отряды түзүлгөн.
Дзержинский атындагы атайын багыттагы аткычтар дивизиясынын аткычтар полкунун негизинде атайын рота ачылган. Бул ротага дивизиядагы эң мыкты спортчулар тандалып алынган. Ага кирүү үчүн адам физикалык жактан күчтүү жана психологиясы бекем болуусу керек болгон. Ал эми 1989-жылы ротанын негизинде батальон түзүлүп, 1991-жылы "Витязь" атындагы атайын даярдыктагы отрядга айланган. Отряддын максаты алгач террористтер менен күрөшүү болсо, кийин Чечня, Кавказдын чек араларындагы согуштарга катышышкан. Отряддын 70тен ашуун аскерлери СССРдин жана Орусиянын Баатыры деп аталышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан