Эстониялык саясий ишмер, дипломат, журналист, өлкөдөгү Социал-демократтар
партиясынын мурунку лидери, Эстониянын 4-президенти Тоомас Хендрик Ильвес Швециинын борбор шаары Стокгольмдо туулган. Кийин үй-бүлөсү АКШга көчүп кетип, келечектеги президенттин бала чагы ошол жакта өткөн. 1972-жылы мектепти аяктап, 1976-жылы Колумбия университетин аяктап, бакалавр даражасына ээ болгон. Ал эми 1978-жылы Пенсильваниялык университеттен психология боюнча магистр даражасына жеткен.
1984-жылдан тартып Мюнхенде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунда эмгектенип, 1991-жылы Эстонияга кайтып келген.
Тоомас Хендрик Ильвес 1993-жылдан 1996-жылга чейин Эстониянын АКШ, Канада, Мексикадагы элчиси, 1996-жылдан 2002-жылга чейин Эстониянын тышкы иштер министри болуп эмгектенген.
2006-жылы президенттик шайлоого аттанып, жеңишке жеткен. Ал эми 2011-жылы кайрадан президенттик шайлоо болуп, экинчи ирет Эстониянын президенти болуп шайланган.