25- Декабрь 2011 -жылы
"Көк салкын" тасмасынын бет ачары болуп өткөн
"Манас" кинотеатрында "Көк салкын" тасмасынын бет ачары болуп өткөн. Тасманын режиссёру – Камчыбек Жумабеков, Тилек Чериков, бюджети 20 миң долларды түзгөн.
"Көк салкын" комедиясынын режиссёрлорунун бири Камчыбек Жумабеков тасманы тартууну 500 сом менен баштаган. Каржы жагынан жардам берем деген демөөрчүсү убадасынан баш тартканда, Камчынын чөнтөгүндө 500 сом гана болгон экен."Тартууну токтотуп турсамбы?.." деген да ойлор келип, бирок бардык тааныш-досторуна чалып, карыз сурап ишке киришкен. Чыгармачыл топто 12, ал эми актёрлорду кошкондо 20 чакты киши болуп эки жума Ысык-Көлдө атайын пансионатты ижарага алып жашашкан. Акчалай эч ким жардам кылбаса да, айрым тааныштары имараттарды, машиналарды бекер берип, колдоо көрсөтүп турушканын айтат.