Жеймс Браун - америкалык ырчы, 20-кылымдын поп-музыкасына эбегейсиз салым кошкон адамдардын бири. Ал өзүн "мистер Please Please Please", "мистер Динамит" деп атаган. 2004-жылы белгилүү "Rolling Stone" журналы рок-н-роллдун доорундагы улуу музыканттардын тизмесин түзүп, Жеймс Браун жетинчи катардан орун алган.