27- Декабрь 1974 -жылы Украиналык ырчы Алена Винницкая төрөлгөн
Украиналык Алена Винницкая поп-рок стилиндеги ырлардын автору жана аткаруучусу. Ал 5 жашынан баштап ыр жаза баштап, кийин радио жана телевидение жаатында эмгектенген. 2000-жылы продюсер Дмитрий Кос­тюк менен ырчы Валерий Меладзенин бир тууган агасы Константин Меладзе менен биргеликте жалаң чырайлуу кыздардан турган топ түзүүнү пландап, телеалпаруучу болуп иштеп жүргөн Алёна Винницкая топко биринчи алынган. Жаңы түзүлгөн "ВИА Гра" тобу көптөгөн ийгиликтерге жетишип, 2003-жылы топтогу ырчылар Анна Седокова менен Алёна Винницкаянын ортосунда пикир келишпестик болуп, Алёна өз каалоосу менен топтон кетип, анын ордуна Вера Брежнева келген. Ошентип "ВИА Гра" тобунун алгачкы солисти украиналык ырчы Алёна Винницкая жеке ырчы катары чыга баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан