29- Декабрь 1985 -жылы
ырчы жана актёр Нурбек Савитахунов төрөлгөн
Ырчы жана актёр Нурбек Савитахунов Фрунзе шаарында төрөлгөн. Борбордук Азиядагы Америка университетин саясат таануу адистиги боюнча аяктаган. “Yellow Blue Bus” тобунун мүчөсү жана актёр. “Малышка Би” аттуу ырды “Oakland” тобу менен биргеликте ырдап эл оозуна алынган.