1- Январь 1986 -жылы
СССРда "Лоло менен Пепе" мультфильминин бет ачары болгон
Япониялыктар менен союздуктардын биргеликте тарткан "Лоло менен Пепе" мультфильминин бет ачары СССРда болгон. Ал эми Японияда 1988-жылы 27-мартта көрсөтүлгөн. "Лоло менен Пепе" же болбосо “Кичинекей Лолонун укмуштуу окуялары” классикалык мультфильми 3 сериядан турган. Фильмдин сюжети жөнөкөй жана баналдуу куралганына карабастан, тарбиялык мааниси зор болуп, жаш көрүүчүлөрдү жакшы менен жаманды айырмалоого, достукка, ата-энеге болгон сүйүүгө үйрөткөн.